КИЕВ, 7-июль (Синьхуа) -- 16-июнда Кытайдын борбордук Ухань шаарынан жөнөгөн биринчи түз контейнердик поезд дүйшөмбү күнү Киевге келип, Кытай менен Украинанын кызматташтыгы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты, деп билдирди украин расмий өкүлдөрү.
«Бүгүнкү иш-чара кытай-украина мамилелери үчүн маанилүү символикалык мааниге ээ. Бул Кытай менен Украинанын ортосундагы келечектеги «Бир алкак, бир жол» демилгесинин алкагындагы кызматташуу ого бетер тыгыз болоорун билдирет», - деди Кытайдын Украинадагы элчиси Фань Сяньжун поезддин келишине арналган аземде.
"Украина Европа менен Азияны байланыштырган логистикалык борбор катары өзүнүн артыкчылыктарын көрсөтөт, ал эми кытай-украина экономикалык жана соода кызматташтыгы ого бетер тездетилип жана ыңгайлуу болуп калат. Мунун баары эки өлкөнүн элдерине дагы көп пайда алып келет", - деди ал.
Аземге катышкан Украинанын инфраструктура министри Владислав Криклий бул Кытайдан Украинага үзгүлтүксүз контейнердик ташуулардын биринчи кадамы экенин айтты.
«Украина Кытайдан Европага контейнер ташуу үчүн транзиттик платформа катары гана колдонулбастан, акыркы көздөгөн жер катары да колдонулуп жаткан биринчи учур», - деди Криклий.
Украина темир жолдорунун башчысынын милдетин аткаруучу Иван Юрик Синьхуа агенттигине берген маегинде анын өлкөсү контейнердик поезддин каттамын кеңейтүүнү пландап жатканын айтты.
«Бул контейнердик каттам боюнча биз чоң үмүттөргө ээбиз. Биз (поезддерди) Киевде гана эмес, Харьковдо, Одессада жана башка шаарларда да кабыл ала алабыз», - деди Юрик.
«Азырынча биз өнөктөштөрүбүз менен жумасына бир поезд жөнүндө план түздүк. Бул башталыш үчүн акылга сыярлык көлөм», - деди Украина темир жолдорунун интермодалдык ташууларга адистешкен филиалы «Лиски» компаниясынын биринчи орун басары Александр Полищук.
«Жумасына бир жолу бизге технологияны өркүндөтүүгө, бажы жана көзөмөлдөөчү органдар, ошондой эле кардарларыбыз менен зарыл болгон жол-жоболорду иштеп чыгууга мүмкүндүк берет», - деди Полищук.
Чиновник кошумчалагандай, бир поезд менен 40-45 контейнерге чейин ташууга болот, бул айына жалпысынан 160 контейнерди түзөт. Ошентип, Украина ушул жылдын аягына чейин 1000ге чейин контейнер алат.
«2019-жылы Кытай Украинанын эң маанилүү соода өнөктөшүнө айланды», - деди украин экономисти Ольга Дроботюк жакында Синьхуа агенттигине берген маегинде. «Мындай поезддердин ишке кириши эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, саясий жана маданий кызматташтыкты андан ары кеңейтүүгө жана бекемдөөгө жардам берет».
Жарыяланган убактысы: 2020-жылдын 7-июлу